Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-бөлүккө кириш сөз

3-бөлүккө кириш сөз

Ыйык Китепте Топон суудан кийинки жылдары Жахабага кызмат кылган аз эле киши жөнүндө айтылат. Алардын арасында Жахабанын досу деп белгилүү болуп калган Ыбрайым пайгамбар да бар болчу. Ал эмне үчүн Жахабанын досу деп аталган? Эгер ата-эне болсоңор, балаңарга Жахабанын ага жекече көңүл бурарын, жардам бергиси келерин түшүнүүгө жардам бергиле. Биз да, Кудайга ишенимдүү кызмат кылган Ыбрайым, Лот, Жакып сыяктуу кишилердей болуп, андан жардам сурай алабыз. Ошондой эле Жахабанын ар бир убадасын аткарарына толук ишенсек болот.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

7-САБАК

Бабыл мунарасы

Кээ бир адамдар шаар жана асманга жете турган мунара курууну чечишкен. Эмне үчүн Кудай күтүлбөгөн жерден аларды ар кайсы тилде сүйлөтүп койгон?

8-САБАК

Ыбрайым пайгамбар менен Саара Кудайга баш ийген

Ыбрайым пайгамбар менен Саара эмне үчүн Ур шаарынан кетип, Канаан жеринде көчүп-конуп жашашкан?

9-САБАК

Уулдуу болушкан

Кудай Ыбрайым пайгамбарга берген убадасын кантип аткармак? Ал айткан эл Ыскактан тарайт беле же Ысмайылданбы?

10-САБАК

Лоттун аялын эстегиле

Кудай Содом жана Амор шаарларына от менен күкүрт жаадырган. Эмне үчүн ал шаарлар талкаланган? Эмне үчүн Лоттун аялын эстешибиз керек?

11-САБАК

Ишеними сыналган

Кудай Ыбрайым пайгамбарга: «Жалгыз уулуңду ал да, Мориа тоосуна барып, аны курмандыкка чал»,— деген. Ишенимин сынай турган бул буйрукту Ыбрайым пайгамбар кандай кабыл алган?

12-САБАК

Жакыптын мураска ээ болушу

Ыскак менен Ребека Эйсап жана Жакып деген эгиз балалуу болушкан. Эйсап биринчи төрөлгөндүктөн өзгөчө мураска ээ болмок. Бирок ал эмне үчүн аны бир табак тамакка сатып жиберген?

13-САБАК

Жакып менен Эйсап элдешкен

Жакып периштеден кантип бата алган? Ал Эйсап менен кантип элдешкен?