4-бөлүккө кириш сөз
Бул бөлүктөн Жусуп, Аюп, Муса жана ысрайыл эли менен таанышабыз. Алар Шайтандын айынан көп азап чегишкен. Айрымдары адилетсиздикке кабылган, түрмөгө камалган, кулчулукка сатылган, жакындарынан айрылган. Бирок Жахаба аларды ар кандай жолдор менен коргогон. Эгер ата-эне болсоңор, балаңарга Жахабанын ал кызматчылары ишенимин бекем сактап, жамандыкка кантип чыдашканын түшүнгөнгө жардам бергиле.
Жахаба Мисир жерине он жаза жиберип, ал жактагы кудайлардын баарынан кудуреттүү экенин далилдеген. Жахабанын байыркы убакта өз элин кантип коргогонун жана азыр кантип коргоорун баса белгилегиле.
БУЛ БӨЛҮКТӨ
15-САБАК
Жахаба Жусупту унуткан эмес
Жусуп үй-бүлөсүнөн алыс жерде жүргөн, бирок Кудай дайыма аны менен болгон.
19-САБАК
Алгачкы үч жаза
Фараон ушунчалык текебер болгондуктан жөнөкөй эле ишти аткарбай коюп, элин азапка салган.
21-САБАК
Онунчу жаза
Бул жаза ушунчалык катуу болгондуктан, атүгүл текебер фараон да багынып берген.
22-САБАК
Кызыл деңиздеги керемет
Фараон он жазадан аман калган. Бирок Кудай ушул кереметти жасаганда, ал аман калганбы?