Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-бөлүккө кириш сөз

6-бөлүккө кириш сөз

Ысрайылдыктар акыры Убадаланган жерге жеткенде, ыйык чатыр чыныгы сыйынуунун борбору болуп калган. Дин кызматчылар Мыйзамды элге үйрөтүп, бийлер элди жетектеген. Бул бөлүктөн адамдын чыгарган чечими, кылган иштери башкаларга абдан таасир этерин билебиз. Ар бир ысрайылдык Жахабага жана жакынына берилгендик сактаганга милдеттүү болгон. Деборанын, Нааминин, Жашыянын, Аннанын, Иптахтын кызынын, Шемуелдин айлана-тегеректегилерге кандай таасир эткенин баса белгилегиле. Атүгүл Рахап, Рут, Жаел, гибондуктар сыяктуу Жахабага сыйынбаган адамдар да анын ысрайылдыктар менен экенин көрүп, аларга кошулганын түшүндүргүлө.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

29-САБАК

Жахаба Жашыяны тандаган

Кудай Жашыяга көрсөтмөлөрдү берген. Ал көрсөтмөлөр бизге да жакшы жардам берет.

30-САБАК

Рахап эки чалгынчыны жашырган

Жерихонун дубалдары орду-түбү менен урап калган. Ал эми Рахаптын үйү, ошол дубалда жайгашса да, талкаланган эмес.

31-САБАК

Жашыя менен гибондуктар

Жашыя Кудайдан күндү токтотуп коюшун суранган. Кудай анын өтүнүчүн аткарды беле?

32-САБАК

Жаңы жол башчы жана эки эр жүрөк аял

Жашыя өлгөндөн кийин, ысрайыл эли бурканга сыйынып кеткен. Бирок алар кыйналганда, Жахаба Барак бий, пайгамбар аял Дебора, Жаел деген аял аркылуу жардам берген.

33-САБАК

Рут менен Наами

Жесир калган эки аял Ысрайылга кайтып келген. Алардын бири Рут иштеш үчүн талаага барган. Ал жерден аны Бууз деген киши көргөн.

34-САБАК

Гидон мидиандыктарды жеңген

Мидиандыктар аёосуз эзгендиктен, ысрайылдыктар Жахабага жалбарып, жардам сурашкан. Гидондун аз эле аскери душмандын 135 000 кишисин кантип жеңген?

35-САБАК

Анна Кудайдан уул тилеген

Элкана Аннаны, Пенинаны, бала-чакасын алып, Шилодогу ыйык чатырга сыйынганы барган. Ал жерден Анна Кудайдан уул тилеген. Анан бир жылдан кийин Шемуелди төрөгөн.

36-САБАК

Иптахтын убадасы

Иптах Кудайга кандай убада берген жана эмне үчүн? Атасынын убадасы жөнүндө укканда кызы эмне кылган?

37-САБАК

Жахаба Шемуелге сүйлөгөн

Башкы дин кызматчы Эйлинин эки уулу ыйык чатырда дин кызматчы болчу, бирок Кудайдын мыйзамын аткарышчу эмес. Ал эми жаш Шемуел алардан айырмаланчу. Бир күнү Жахаба ага сүйлөгөн.

38-САБАК

Жахаба Шымшонго күч берген

Шымшон пелиштиликтерди жеңе алышы үчүн, Кудай ага күч берген. Бирок Шымшон туура эмес иш кылганда, пелиштиликтер аны кармап кетишкен.