Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-бөлүккө кириш сөз

7-бөлүккө кириш сөз

Бул бөлүктө Шабул падыша менен Дөөтү падышанын жашоосунда болгон окуялар баяндалат. Алар 80 жылдай убакытты камтыйт. Шабул башында момун, Кудайдан корккон киши болгон, бирок көп өтпөй эле өзгөрүп, Жахабанын көрсөтмөсүнө баш ийбей калган. Жахаба аны четке кагып, убакыттын өтүшү менен Шемуел пайгамбарга Дөөтүнү Ысрайылдын кийинки падышасы кылып майлоону айткан. Дөөтүнү көрө албагандыктан Шабул аны өлтүрүүгө көп жолу аракет кылган. Бирок Дөөтү эч качан андан өч алууга умтулган эмес. Шабулдун уулу Жонатан Дөөтүнү падыша кылып Жахаба тандаганын жакшы билген, ошондуктан Дөөтүгө берилгендик сактаган. Дөөтү олуттуу күнөөлөрдү кетирген, бирок Жахаба аны оңдоп-ашкерелегенде, мойнуна алган. Эгер ата-эне болсоңор, балаңарга Жахабанын чараларын дайыма колдоо маанилүү экенин түшүнгөнгө жардам бергиле.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

39-САБАК

Ысрайылдын биринчи падышасы

Кудай ысрайыл элине бийлерди дайындаган. Бирок эл падыша талап кылган. Ошондо Шемуел Шабулду Ысрайылдын биринчи падышасы кылып майлаган. Кийин Жахаба Шабулду четке каккан. Эмне үчүн?

40-САБАК

Дөөтү менен Голиат

Жахаба Дөөтүнү Ысрайылдын кийинки падышасы кылып дайындаган. Дөөтүнүн жашоосунан Жахабанын аны тандаганы эң туура болгону көрүнгөн.

41-САБАК

Дөөтү менен Шабул

Бул кишилердин бири эмне үчүн экинчисин жек көргөн? Жек көрүндү болгон киши кандай иш кылган?

42-САБАК

Берилген, эр жүрөк киши Жонатан

Падышанын уулу Дөөтүнүн ынак досу болгон.

43-САБАК

Дөөтү падышанын күнөөсү

Туура эмес чечим чыгаруу көп азапка салат.