Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-бөлүккө кириш сөз

8-бөлүккө кириш сөз

Жахаба Сулайманга акылмандык берип, ибадаткананы куруу сыймыгын ыйгарган. Бирок Сулайман акырындап отуруп Жахабаны таштап койгон. Эгер ата-эне болсоңор, балаңарга жалган кудайларга сыйынгандар Сулайманды Кудайдан кантип буруп кетишкенин түшүндүрүп бергиле. Кийинчерээк падышалык бөлүнгөн жана жаман падышалар элдин чыныгы сыйынуудан четтеп, буркандарга сыйынышына себепкер болушкан. Ошол убактарда Жахабанын көптөгөн ишенимдүү пайгамбарлары куугунтукталып, өлтүрүлгөн. Изабел каныша түндүк падышалыгын чыныгы сыйынуудан болушунча алыстаткан. Бул ысрайыл элинин тарыхындагы эң эле караңгы мезгил болгон. Бирок ысрайылдыктардын арасында Жошапат падыша жана Илияс пайгамбар сыяктуу Жахабага ишенимдүү кызмат кылган адамдар көп эле болгон.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

44-САБАК

Жахабага арналган ибадаткана

Кудай Сулайман падышанын тиленүүсүн угуп, ага чоң сыймыктарды ыйгарган.

45-САБАК

Падышалык экиге бөлүнгөн

Көптөгөн ысрайылдыктар Жахабага кызмат кылбай кылган.

46-САБАК

Кармел тоосунда болгон окуя

Чыныгы Кудай ким? Жахабабы же Баалбы?

47-САБАК

Жахаба Илияс пайгамбарды бекемдеген

Жахабанын сени да бекемдей аларына ишенесиңби?

48-САБАК

Жесир аялдын уулу тирилген

Бир эле үйдө болгон эки керемет.

49-САБАК

Каардуу каныша жазаланган

Изабел Наботтун жүзүмзарын тартып алыш үчүн аны өлтүрүүнү ойлонуштурган. Анын ыймансыздыгын, адилетсиздигин Жахаба көрүп турган.

50-САБАК

Жахаба Жошапатты коргогон

Душмандар коркунуч туудурганда, Жошапат деген падыша Кудайдан жардам сураган.