Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-бөлүккө кириш сөз

9-бөлүккө кириш сөз

Бул бөлүктөн Жахабага бекем ишенген жаштар, пайгамбарлар, падышалар жөнүндө билебиз. Сирияда ысрайылдык бир кичинекей кыз Жахабанын пайгамбарынын Нааманды айыктыра аларына ишенген. Элиша пайгамбар Жахабанын аны душмандын аскеринен коргой турганына күмөн санаган эмес. Башкы дин кызматчы Жоят кичинекей Жаашты каардуу чоң энеси Аталеядан сактап калыш үчүн өмүрүн тобокелге салган. Хиския падыша Жахабанын Иерусалимди коргооруна ишенген жана ашурлуктар коркутуп-үркүткөндө, коркунучка алдырган эмес. Жошия падыша жерин буркандардан тазалаган, ибадаткананы калыбына келтирген жана элин чыныгы сыйынууга кайрып келген.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

51-САБАК

Аскер башчысы менен кичинекей кыз

Кичинекей ысрайылдык кыз мырзайымына Жахабанын кудуреттүү күчү жөнүндө айтып берген. Натыйжада укмуш керемет болгон.

52-САБАК

Жахабанын оттой жалындаган аскери

Элишанын кызматчысы душмандар тараптагыларга караганда биз тараптагылар көп экенин кантип түшүнгөн?

53-САБАК

Жояттын эр жүрөктүгү

Ишенимдүү дин кызматчы ыймансыз канышага каршы турган.

54-САБАК

Жахаба Жунуска чыдамдуулук менен мамиле кылган

Эмнеден улам Кудайдын бир пайгамбарын чоң балык жутуп алган? Ал жактан пайгамбар кантип чыккан? Жахаба аны эмнеге үйрөткөн?

55-САБАК

Жахабанын периштеси Хискияны коргогон

Жүйүт элинин душмандары Жахаба элин коргобойт деп айтышкан, бирок алар жаңылып жатышкан.

56-САБАК

Жошия Кудайдын Мыйзамын жакшы көргөн

Жошия сегиз жашында Жүйүткө падыша болгон жана элге Жахабага сыйынууга жардам берген.