Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-бөлүккө кириш сөз

10-бөлүккө кириш сөз

Жахаба — баарынын Падышасы. Ал дайыма баарын көзөмөлдөп келген, мындан ары да көзөмөлдөй берет. Мисалы, Жахаба Жеремия пайгамбарды кудуктан алып чыккан. Шадрахты, Мешахты, Абетнегону күйүп жаткан мештен, Даниел пайгамбарды арстандардан аман алып калган. Эстер элин сактап калышы үчүн, Жахаба аны коргогон. Ал жамандыктын түбөлүккө созула беришине жол бербейт. Килейген айкел жана чоң дарак жөнүндөгү пайгамбарлыктар Жахабанын Падышалыгы жакында жамандыкты жок кылып, жер жүзүн башкарарына кепилдик берет.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

57-САБАК

Жахаба Жеремияны кабар айтууга жиберген

Бул жаш пайгамбардын айткандары аксакалдардын каарын кайнаткан.

58-САБАК

Иерусалим талкаланган

Жүйүт эли жалган кудайларга сыйына бергендиктен, Жахаба аларды таштап койгон.

59-САБАК

Жахабага баш ийген төрт улан

Еврей уландар Бабылдагы ак сарайда жүргөндө да Жахабага ишенимдүү бойдон калууга чечкиндүү болушкан.

60-САБАК

Түбөлүккө башкара турган Падышалык

Даниел пайгамбар Небухаданасар падышанын түшүн жоруп берген.

61-САБАК

Алар айкелге табынышкан эмес

Шадрах, Мешах, Абетнего Небухаданасар падыша орноткон алтын айкелге табынуудан баш тарткан.

62-САБАК

Чоң даракка салыштырылган Падышалык

Небухаданасардын түшү анын келечегине байланыштуу болгон.

63-САБАК

Дубалдагы жазуу

Бул сырдуу сөздөр качан жазылган жана эмнени билдирген?

64-САБАК

Даниел арстандар жаткан орго ыргытылган

Даниел пайгамбарга окшоп, Жахабадан күн сайын тилен!

65-САБАК

Эстер элин аман алып калган

Ал бөтөн жерлик жана жетим болсо да, канышалык даражага жеткен.

66-САБАК

Эзра элге Кудайдын Мыйзамын үйрөткөн

Ысрайылдыктар Эзраны уккандан кийин Кудайга өзгөчө убада беришкен.

67-САБАК

Иерусалимдин дубалы

Некемия душмандардын кол салууну ойлонуштуруп жатканын билип калган. Ал эмне үчүн корккон эмес?