Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-бөлүккө кириш сөз

14-бөлүккө кириш сөз

Иса Машаяктын алгачкы жолдоочулары Падышалык жөнүндөгү кабарды жердин учу-кыйырына чейин таратышкан. Ал шакирттерине каякта кабар айтышы керектигин көрсөтүп турган жана аларга башка тилдерде да кабар айтууга кереметтүү түрдө жөндөмдүүлүк берген. Жахаба аларга катуу куугунтукка чыдаганга кайраттуулук жана күч берген.

Иса элчи Жаканга аян аркылуу Жахабанын даңкын көрсөткөн. Дагы бир аянда Жакан асмандагы Падышалыктын Шайтанды жеңип, анын бийлигин жок кылганын көргөн. Ага Исанын 144 000 кошо башкаруучусу менен чогуу падышалык кылып жатканы көрсөтүлгөн. Ал жер жүзү бейишке айланып, бүт адамдардын Жахабага тынчтыкта, биримдикте сыйынып жатканын да көргөн.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

94-САБАК

Шакирттердин ыйык рух алышы

Ыйык рух түшкөндө, аларга кереметтүү түрдө кандай жөндөмдүүлүк берилген?

95-САБАК

Аларды эч нерсе токтоткон эмес

Исаны өлтүргөн диний жетекчилер анын шакирттеринин кабар айтканын токтотууга аракет кылышкан. Бирок эч майнап чыккан эмес.

96-САБАК

Исанын Шабылды тандашы

Шабыл Исанын жолдоочуларын ырайымсыздык менен куугунтуктаган, бирок кийин өзгөргөн.

97-САБАК

Корнелийге ыйык рух берилген

Кудай Петирди жүйүт элинен болбогон бул кишиникине эмне үчүн жөнөткөн?

98-САБАК

Чындыктын көп элдерге жетиши

Элчи Пабыл жана аны миссионердик сапарында коштоп жүргөндөр алыскы жерлерде да кабар айтышкан.

99-САБАК

Түрмө сакчысы чындыкты уккан

Пабыл менен Сылас эмне үчүн түрмөгө камалган? Түрмө сакчысы чындыкты кантип уккан?

100-САБАК

Пабыл менен Тиметей

Экөө көптөгөн жылдар бою ынак дос жана ишенимдеш катары чогуу кызмат кылышкан.

101-САБАК

Пабыл Римге жиберилген

Бул сапары көп коркунучтар менен коштолгон. Бирок бир да кыйынчылык элчинин чечкиндүүлүгүн солгундата алган эмес.

102-САБАК

Жаканга берилген аяндар

Иса Машаяк ага келечек жөнүндө бир нече аян көрсөткөн.

103-САБАК

«Падышалыгың келсин»

Жаканга берилген аянда Кудайдын Падышалыгы жер бетиндеги жашоону кандайча өзгөртөрү көрсөтүлгөн.