Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-ЫР

«Жахаба — менин Койчум»

«Жахаба — менин Койчум»

(Забур 23)

  1. 1. Кудай Теңир — менин Койчум.

    Ээрчитет, ал кайтарат.

    Ал жүрөгүмдөгүнү билет,

    Эч нерседен кем кылбайт.

    Суусу мол жерде сугарат,

    Жаят оттуу жайытка.

    Туруктуу сүйүүсү жетек берет,

    Бөлөйт ал бейкуттукка.

    Туруктуу сүйүүң жетек берет,

    Бөлөйт ал бейкуттукка.

  2. 2. Сенин жолдоруң адилет,

    Алар жанды сергитет.

    Адашып калбайын жолуңдан,

    Жазбайын актыгымдан.

    Бул капкараңгы дүйнөдө

    Таянам бир өзүңө.

    Кырсык-каргашадан мен коркпоймун,

    Сен түбөлүк Досумсуң.

    Кырсык-каргашадан коркпоймун,

    Сен түбөлүк Досумсуң.

  3. 3. Кудайым, менин Койчумсуң.

    Ээрчитип, кайтарасың.

    Күч берип, кайраттандырасың,

    Дайым камсыз кыласың.

    Тирүү Кудайсың, Жахаба,

    Үмүт артам мен сага.

    Кам көрө көр мага өмүр бою,

    Көрсөт туруктуу сүйүү.

    Кам көр, Кудайым, өмүр бою,

    Көрсөт туруктуу сүйүү.

(Кара: Заб. 28:9; 80:1.)