Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-ЫР

Жахаба Кудайды даңктагыла!

Жахаба Кудайды даңктагыла!

(Забур 145:12)

  1. 1. Даңктайлы Кудайыбызды!

    Ыйык ысымын жарлайлы!

    Элдерге жарыялайлы,

    Кудайдын күнүнө аз калды.

    «Убакыт келди»,— деп жатат Кудай.

    Анын Уулу бийлик алды.

    Кудайдын кабарын жеткирели,

    Баталарын жар салалы!

    КАЙЫРМА

    Даңктайлы Кудайыбызды!

    Улуулугун даңазалайлы!

  2. 2. Даңктайлы, мактайлы аны!

    Ысымын даңазалайлы!

    Жан-дилден, кубаныч менен

    Тайманбай даңкын кабарлайлы.

    Болсо да ал улуу даражалуу,

    Момун, баарына кайрымдуу.

    Мээримдүү Атабыз бизди билет,

    Сураганыбызды берет.

    КАЙЫРМА

    Даңктайлы Кудайыбызды!

    Улуулугун даңазалайлы!