Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-ЫР

Жахаба — улуу Кудай

Жахаба — улуу Кудай

(Чыгуу 34:6, 7)

  1. 1. Жахаба Кудай, сен татыктуусуң

    Даңкталып, макталууга.

    Бардык жолдоруң туура.

    Күчтүү, мээримдүү Кудайыбызсың

    Кылымдардан кылымга.

  2. 2. Жахаба Ата, сен кайрымдуусуң,

    Пенделериңе дайым

    Кам көрүп, таштабайсың.

    Туура жолго сал, билим бер бизге,

    Муктажбыз жетегиңе.

  3. 3. Асман менен жер сени даңктасын.

    Бир үн менен баарыбыз

    Күнү-түнү даңктайбыз.

    Сен татыктуусуң урматталууга,

    Уга көр бизди, Ата.