Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-ЫР

Кун үчүн ыраазыбыз

Кун үчүн ыраазыбыз

(Лука 22:20)

  1. 1. Бүгүн, Кудайыбыз,

    келдик биз алдыңа,

    Көрсөттүң зор сүйүүңдү,

    ыраазыбыз сага.

    Жалгыз Уулуңду бердиң

    өмүр алсын деп,

    Курмандыгы анын —

    теңдешсиз, баалуу белек.

    КАЙЫРМА

    Кул болбой калдык күнөөгө,

    Жол ачты каны өмүргө.

    Ыраазыбыз сага

    түбөлүктөн түбөлүккө.

  2. 2. Иса даярдуулук менен

    жерге келди,

    Бизди куткарыш үчүн

    ал өмүрүн берди.

    Жашап келдик үмүтү жок

    бир кездерде,

    Өлүм менен күнөө

    жок болот келечекте.

    КАЙЫРМА

    Кул болбой калдык күнөөгө,

    Жол ачты каны өмүргө.

    Ыраазыбыз сага

    түбөлүктөн түбөлүккө.