Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-ЫР

Мырзабыздын өлгөн күнүн эскерүү

Мырзабыздын өлгөн күнүн эскерүү

(Матай 26:26—30)

  1. 1. Асмандагы Кудай, Жахаба,

    Биз баалайбыз ушул кечти.

    Байыркы убакта сүйүүңдү көрсөттүң,

    Сен акылмансың, күчтүүсүң.

    Пасах козусу сактап калган,

    Элиң эркиндикке чыккан.

    Көп кылымдар өткөн, Иса канын төккөн,

    Пайгамбарлыкты ал аткарган.

  2. 2. Нан, шарап эсибизге салат,

    Төлөнгөн кун абдан кымбат.

    Кун аркылуу кылдың

    керемет иштерди.

    Тил алып өмүрүн берди.

    Өлүмүн анын эскеребиз,

    Ыраазыбыз баарына биз.

    Жеткилеңсиздиктин

    болбой калдык кулу,

    Эркин кылды Уулуңдун куну.

  3. 3. Ысмыңды сенин даңкташ үчүн

    Алдыңа келдик «койлоруң».

    Машаяк көрсөткөн

    сүйүүңдү өчпөгөн.

    Даңктап чогулдук «оторуң».

    Ушул күндү жүрөгүбүздө,

    Эсибизде бек сактайбыз.

    Үйрөткөн Машаяк жүрөбүз жолдо так,

    Ошондо биз өмүр алабыз.