22-ЫР
Кудайдын Падышалыгы келсин!
-
1. Жахаба, сен муундан муунга
Түбөлүк жашайсың.
Бийликти бердиң Уулуңа,
Ал эркиң аткарсын.
Орноду Падышалыгың.
Ал бүт жер жүзүн башкарсын.
КАЙЫРМА
Күчү айкын болду,
Алып келди куткарылуу!
Падышалыгыңды:
«Келсин, келсин!» — деп тилейбиз.
-
2. Шайтан жок болот жакында.
Аз калды, чыдайлы.
Жашасак да оор учурда,
Көздөйлү сыйлыкты.
Орноду Падышалыгың.
Ал бүт жер жүзүн башкарсын.
КАЙЫРМА
Күчү айкын болду,
Алып келди куткарылуу!
Падышалыгыңды:
«Келсин, келсин!» — деп тилейбиз.
-
3. Периштелер кубанууда,
Куулду жерге Шайтан.
Шаттык менен үн салууда,
Тазаланды асман.
Орноду Падышалыгың.
Ал бүт жер жүзүн башкарсын.
КАЙЫРМА
Күчү айкын болду,
Алып келди куткарылуу!
Падышалыгыңды:
«Келсин, келсин!» — деп тилейбиз.
(Кара: Дан. 2:34, 35; 2 Кор. 4:18.)