Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-ЫР

Жахабанын тоосуна келгиле

Жахабанын тоосуна келгиле

(Ышая 2:2—4)

  1. 1. Баарыңар келгиле

    Жахабанын тоосуна.

    Бүгүн ал тоо баарынан

    Эң жогору турат.

    Ага келип жатат

    Адамдар алыс жактан.

    Алар башкаларды да

    Ал тоого чакырат.

    Ошол эл көбөйдү.

    Аз элден улуу эл жаралды.

    Өркүндөп-өсүүдө,

    Жахаба жетектейт аларды.

    Алар Жахабанын

    Бийлигин кабыл алып,

    Анын Падышалыгын

    Дайыма жакташат.

  2. 2. Иса буйрук берген

    Жакшы кабар айтууга.

    Азыр ал жакшы кабар

    Бүт жерге жетүүдө.

    Иса башкарууда,

    Чакырууда бардыгын.

    Алар жетектелишсин

    Кудайдын Сөзүнө.

    Кубаныч тартуулайт

    Кудайдын элинин өсүшү.

    Катышып кызматка

    Беребиз зор күбөлөндүрүү.

    Баарын чакыралы

    Жахабанын тоосуна.

    Алар ал ыйык жерде

    Болсун түбөлүккө.