26-ЫР
Мен үчүн кылдыңар
-
1. Башка койлор жардам берет колуктуга,
чын жүрөктөн кызмат кылып аларга.
Машаяк аларды
сыйлыксыз калтырбайт,
Жылуу сөзүн, эмгегин эч унутпайт.
КАЙЫРМА
«Бир туугандарымды жубатканыңар —
Бул мени жубатып, сооротконуңар.
Алар үчүн кылган жакшылыгыңар —
Мен үчүн жакшы иш кылганыңар,
Баары — мага кылган жакшылыгыңар».
-
2. «Азыктандырдыңар ачка болгонумда,
жардамга келдиңер зар болгонумда».
«Муну качан кылдык?» —
деп алар таң калат.
Падышабыз мындай деп жооп кайтарат:
КАЙЫРМА
«Бир туугандарымды жубатканыңар —
Бул мени жубатып, сооротконуңар.
Алар үчүн кылган жакшылыгыңар —
Мен үчүн жакшы иш кылганыңар,
Баары — мага кылган жакшылыгыңар».
-
3. «Берилгендик сактап келесиңер мага,
колуктуга көмөк кылып кабарда».
Падышабыз айтат
кой мүнөздүүлөргө:
«Жер бетинде чексиз өмүр сүргүлө».
КАЙЫРМА
«Бир туугандарымды жубатканыңар —
Бул мени жубатып, сооротконуңар.
Алар үчүн кылган жакшылыгыңар —
Мен үчүн жакшы иш кылганыңар,
Баары — мага кылган жакшылыгыңар».
(Кара: Накыл 19:17; Мт. 10:40—42; 2 Тим. 1:16, 17.)