28-ЫР
Жахаба менен дос бололу
(Забур 15)
-
1. Оо, Кудай, ким сенин
Досуң боло алат?
Ким турагыңда жашай алат,
Таанып-биле алат?
Сөзүңдү уккандар,
Сага ишенгендер,
Чындык боюнча жашагандар,
Сага берилгендер.
-
2. Оо, Кудай, ким сенин
Досуң боло алат?
Кимдерди сен жакшы билесиң?
Ким сени кубантат?
Ысымыңды даңктап,
Тилиңди алгандар,
Сөзүңдү угуп, аткаргандар,
Жүрөгү тазалар.
-
3. Жүгүбүздү артып,
Сага таянабыз.
Сезип сүйүүңдү, мээримиңди,
Сага жакындайбыз.
Дос болгубуз келет
Дайым сени менен.
Бул кең дүйнөдө бир да дос жок
Өзүңдөй берилген.
(Кара: Заб. 139:1; 1 Пет. 5:6, 7.)