Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

29-ЫР

Атыбызга жараша жашайлы

Атыбызга жараша жашайлы

(Ышая 43:10—12)

  1. 1. Жахаба адилеттүү, түбөлүктүү,

    Жеткилең анын сүйүүсү, күчү.

    Чындыктын, акылмандыктын булагы.

    Ал — Падыша, чексиз кудуреттүү.

    Тартуулайт кызмат бизге зор кубаныч,

    Чындыкты баарына кабарлайлы.

    КАЙЫРМА

    Күбөлөрүң болуу биз үчүн сыймык.

    Атыбызга жараша жашайлы!

  2. 2. Кызматка биримдикте катышканда

    Тынчтык, сүйүү болот ортобузда.

    Чындыгын окутуп, даңкын жарлайлы,

    Жүрөгүбүз толот кубанычка.

    Аталдык Кудайдын ысымы менен,

    Бул сыймыкты жогору баалайлы.

    КАЙЫРМА

    Күбөлөрүң болуу биз үчүн сыймык.

    Атыбызга жараша жашайлы!