33-ЫР
Жүгүңдү Жахабага арт
(Забур 55)
-
1. Оо, Кудай, уга көр мени,
Кулак сал тиленүүмө.
Аткара көр тилегимди,
Кайрат бер жүрөгүмө.
КАЙЫРМА
Жүгүңдү арт Жахабага,
Күч берет сага ал ошондо.
Жардам берет бек турууга,
Олку-солку болбоого.
-
2. Куштукундай канат болсо,
Учуп алыс кетмекмин.
Душмандарымдан арылып,
Заар тил укмак эмесмин.
КАЙЫРМА
Жүгүңдү арт Жахабага,
Күч берет сага ал ошондо.
Жардам берет бек турууга,
Олку-солку болбоого.
-
3. Жахабага кайрыламын,
Ага гана таянам.
Тынчтандырат жан дүйнөмдү,
Кубат алам бир андан.
КАЙЫРМА
Жүгүңдү арт Жахабага,
Күч берет сага ал ошондо.
Жардам берет бек турууга,
Олку-солку болбоого.
(Кара: Заб. 22:5; 31:1—24.)