34-ЫР
Кудайдын алдында кынтыксыз жүрөм
(Забур 26)
-
1. Теңир, мага калыстык кыла көр.
Берилгендигимди текшерип, сынай көр.
Жан дүйнөмдү, оюмду тазала,
Ошондо аламын бир өзүңдөн бата.
КАЙЫРМА
А мен болсо чечтим биротоло:
Кынтыксыз жүрөмүн, кубантам жүрөгүң.
-
2. Жалганчылар менен отурбаймын,
Чындыкты жек көргөн адамдан алысмын.
Өмүрүмдү, Кудайым Жахаба,
Күнөөкөрлөр менен бирге кыйып салба.
КАЙЫРМА
А мен болсо чечтим биротоло:
Кынтыксыз жүрөмүн, кубантам жүрөгүң.
-
3. Жакшы көрөм үйдү сен жашаган.
Чын жүрөктөн сага күнүгө сыйынам.
Оо, Жахаба, курмандык жайыңды
Айланам билдирип ыраазылыгымды.
КАЙЫРМА
А мен болсо чечтим биротоло:
Кынтыксыз жүрөмүн, кубантам жүрөгүң.
(Кара: Заб. 25:2.)