Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

43-ЫР

Ыраазычылык билдирип тиленели

Ыраазычылык билдирип тиленели

(Забур 95:2)

  1. 1. Татыйсың даңкка боорукер Жахаба.

    Бийик үн салабыз, Теңир, сага.

    Бекем болобуз сага таянганда,

    Бөлөнөбүз биз камкордугуңа.

    Жеткилең эмеспиз, көп жаңылабыз,

    Күнөөнү кечиришиңе зарбыз.

    Өз Уулуңдун каны менен куткардың.

    Жеткилеңдикти талап кылбайсың.

  2. 2. Ыраазыбыз мээримиңе, сүйүүңө,

    Жакындаттың бизди бир өзүңө.

    Окут, үйрөт, тарбияла, насаатта.

    Күч бер берилгендик сактаганга.

    Кереметтүү ыйык рухуңа рахмат,

    Кызматта бизди эр жүрөк кылат.

    Кубанып кызмат кылалы дайыма,

    Момундар ээ болот ырайымга.