Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

44-ЫР

Кыйналган адамдын тиленүүсү

Кыйналган адамдын тиленүүсү

(Забур 4:1)

  1. 1. Жахаба Кудайым,

    кулак сала көр үнүмө.

    Жараатым айыкпай,

    күчөп барат күндөн күнгө.

    Жаман ойлор басып,

    үмүтсүздүк алсыратты.

    Ырайымыңа зармын,

    сооронучтун Кудайы.

    КАЙЫРМА

    Тургуз мени, күчтөндүрчү.

    Бекемдечи үмүтүмдү.

    Муктажмын мен жардамыңа.

    Күч бер мага, оо, Жахаба.

  2. 2. Алсыраганымда Сөзүң бекемдейт,

    жубатат,

    Айта албаган сезимдеримди

    чагылдырат.

    Сөзүң аркылуу ишенимимди

    арттырайын.

    Жүрөгүмдөн чоң сүйүүңдү

    эсимде сактайын.

    КАЙЫРМА

    Тургуз мени, күчтөндүрчү.

    Бекемдечи үмүтүмдү.

    Муктажмын мен жардамыңа.

    Күч бер мага, оо, Жахаба.