45-ЫР
Жүрөгүмдөгү ойлорум
-
1. Эртеден кечке ойлогон
Жүрөгүмдөгү ойлорум
Өзүңө жаккандай болсун,
Жолуңда бекем болоюн.
Сен жөнүндө ой жүгүртөм
Сары санаага батканда.
Туура нерсени ойлоном
Түнкүсүн уйкум качканда.
-
2. Эмне таза, чындык болсо,
Эмне адил, жакшы болсо,
Ой жүгүртүп, тынч болоюн,
Ойлорумду бур ошого.
Ойлоруң асыл, теңдешсиз,
Алар кымбат, Жаратканым.
Сөзүң жөнүндө ойлонуп,
Терең ойлорго батамын.
(Кара: Заб. 49:3; 63:6; 139:17, 23; Флп. 4:7, 8; 1 Тим. 4:15.)