51-ЫР
Биз Кудайга арналганбыз
-
1. Жахаба бизди Исага алып келди,
Кылды бизди анын шакирти.
Кудайыбыз чындыкты
Асмандан жаркыратты.
Ишеним арттыралы,
Жолдойлу Машаякты.
КАЙЫРМА
Өз эркибиз менен арналып Кудайга,
Аткарабыз кызматты кубана.
-
2. Тиленип убада бердик Жахабага
Түбөлүккө кызмат кылууга.
Даңктап ыйык ысымын,
Жарлап Падышалыгын,
Кубанычтуу кызматтын
Таталы таттуу даамын.
КАЙЫРМА
Өз эркибиз менен арналып Кудайга,
Аткарабыз кызматты кубана.
(Кара: Заб. 43:3; 107:22; Жкн. 6:44.)