Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

53-ЫР

Кызматка даярданалы

Кызматка даярданалы

(Жеремия 1:17)

  1. 1. Таң атып,

    Күн башталат,

    Жөнөш керек кызматка.

    Асман түнөрүп,

    Жаан жааганы турат.

    Жылуу төшөктө жаткың келет

    мемиреп.

    КАЙЫРМА

    Оң маанай сактап, даярдансак,

    Күч сурап тиленсек,

    Бул бизди абдан шыктандырат,

    Кайрат берет.

    Периштелер бар биз тарапта

    Машаяк жиберген.

    Досторубуз да жаныбызда

    Дем-күч берген.

  2. 2. Кубаныч

    Коштойт бизди,

    Буларды эстеп жүрсөк.

    Жахаба байкайт

    Аракетибизди.

    Сүйүүбүздү такыр унутпайт,

    ал баалайт.

    КАЙЫРМА

    Оң маанай сактап, даярдансак,

    Күч сурап тиленсек,

    Бул бизди абдан шыктандырат,

    Кайрат берет.

    Периштелер бар биз тарапта

    Машаяк жиберген.

    Досторубуз да жаныбызда

    Дем-күч берген.