64-ЫР
Түшүм жыйноого кубаныч менен катышалы
-
1. Түшүм жыйноо маалында жашап,
Чоң артыкчылыкка ээбиз.
Түшүм оруп-жыюуга даяр,
Күжүрмөн эмгектенебиз.
Бул ишти Иса колго алып,
Жетектеп жатат учурда.
Жыйнайлы мол түшүмдү кубанып,
Күн сайын биз сыймыктана.
-
2. Чыныгы сүйүү болсо бизде
Илгерилейбиз алдыга.
Кабар айтуу иши шашылыш,
Бул дүйнө бүтөт жакында.
Кызматтан алган чоң кубаныч —
Кудайыбыз берген бата.
Багынбастан туруктуу бололу,
Туралы Кудай тарапта.
(Кара: Мт. 24:13; 1 Кор. 3:9; 2 Тим. 4:2.)