71-ЫР
Биз Кудайдын аскерибиз!
(Жоел 2:7)
-
1. Кудайдын аскерибиз,
Жетектейт Иса.
Ибилис — душманыбыз,
Багынбайбыз ага.
Берилгендик сактайлы,
Жарлап кабарды.
Чечкиндүү бололу,
Эч тайманбайлы.
КАЙЫРМА
Аскерибиз Кудайдын.
Иса — Башчыбыз.
Бийлигин Кудайдын
Жарыялайбыз.
-
2. Биз Кудайдын койлорун
Издеп табабыз.
Адашып, жоголгонун
Азыктандырабыз.
Кыйналып, үшкүргөнүн
Биз сооротобуз.
Баарын жыйналыштан
Жылуу тособуз.
КАЙЫРМА
Аскерибиз Кудайдын.
Иса — Башчыбыз.
Бийлигин Кудайдын
Жарыялайбыз.
-
3. Кудайдын аскерибиз.
Жол баштайт Иса.
Рухий куралга ээбиз,
Жеңебиз согушта.
Сак болобуз дайыма
Рухий майданда.
Тайбайбыз чындыктан,
Коркпой Шайтандан.
КАЙЫРМА
Аскерибиз Кудайдын.
Иса — Башчыбыз.
Бийлигин Кудайдын
Жарыялайбыз.