72-ЫР
Падышалык кабарын жарыялайлы
-
1. Туура жолду биз көксөгөн
Күндөр болгон билбей жүргөн.
Жахаба жарык чачты,
Ачып берди ал чындыкты.
Таанып-билдик эркин анын
Кылуу үчүн биз кызматын.
Жарлайбыз анын даңкын,
Даңазалайбыз ыйык ысымын.
Кабарлайбыз бардыгына
Үйдөн үйгө, көчөдө да.
Баары көрсүн ачык-айкын
Эркин кыларын чындыктын.
Бардык жерде кабар айтсак,
Кудайыбыз урматталат,
Кабарды биримдикте
Айталы Кудай: «Бүттү»,— дегиче.
(Кара: Жаш. 9:9; Ыш. 24:15; Жкн. 8:12, 32.)