75-ЫР
«Мен барам, мени жибер»
(Ышая 6:8)
-
1. Көптөр Кудайды жемелейт,
Ысмын булгап, шек келтирет.
«Кудай жок»,— дейт акылсыздар.
«Таш боор, алсыз»,— дейт айрымдар.
Кудайдын ысмын ким жактайт?
Баарына айтып ким даңктайт?
1-КАЙЫРМА
«Теңир, жибер, мен даярмын.
Сени даңктап ыр ырдаймын.
Бул зор сыймыкка жок тең келер.
Даярмын, мени жибер».
-
2. Кээси: «Кудай созууда»,— дейт.
Теңирден коркууну билбейт.
Кээси бурканга табынат,
Падышаны кудай тутат.
Теңир согушу жөнүндө
Ким билдирет күнөөкөргө?
2-КАЙЫРМА
«Теңир, жибер, мен даярмын.
Баарын эскертип айтамын.
Бул зор сыймыкка жок тең келер.
Даярмын, мени жибер».
-
3. Кыйналып жатат момундар.
Дүйнөдө көп жамандык бар.
Чындык издейт жан дүйнөсү,
Тапканда, тынчыйт жүрөгү.
Ким сооротот момундарды?
Көрсөтөт туура багытты?
3-КАЙЫРМА
«Теңир, жибер, мен даярмын.
Сүйүү менен окутамын.
Бул зор сыймыкка жок тең келер.
Даярмын, мени жибер».
(Кара: Заб. 10:4; Жез. 9:4.)