78-ЫР
«Кудайдын сөзүн окутабыз»
-
1. Билим берүү башкаларга
Зор кубаныч берет.
Андан алган баталарга
Эч нерсе тең келбейт.
Сүйүү менен насааттаган
Устатыбыз Иса.
Момундарга жардам берели
Кудайды тапканга.
-
2. Кудай Сөзүн окутабыз,
Жакшы иш кылабыз.
Чын ыкластан күч жумшайбыз,
Жарыгын чачабыз.
Изилдейбиз Кудай Сөзүн,
Анда кенч камтылган.
Бөлүшөбүз башкалар менен,
Болобуз даанышман.
-
3. Кудайыбыз берет бизге
Зарыл шаймандарды.
Кабыл кылат тиленгенде
Суранычыбызды.
Ыйык Жазманы баалайбыз,
Берет бизге насаат.
Шакирттерди биз даярдайбыз,
Болот алар устат.
(Кара: Заб. 119:97; 2 Тим. 4:2; Тит 2:7; 1 Жкн. 5:14.)