80-ЫР
Жахабанын жакшы экенин татып көрөлү
-
1. Кудайга кызмат кылууну
Жогору баалап-барктайбыз.
Ага гана эң жакшысын берип,
Кызматка көп күч жумшайбыз.
КАЙЫРМА
Татып көрөлү Жахабанын
Кандай жакшы экенин.
Сактайлы ага берилгендик,
Кылып колдон келгенин.
-
2. Кудайга бүт убактысын
Арнагандар алат бата.
Алар жөнөкөй жашоо өткөрүп,
Таянышат Жахабага.
КАЙЫРМА
Татып көрөлү Жахабанын
Кандай жакшы экенин.
Сактайлы ага берилгендик,
Кылып колдон келгенин.
(Кара: Мр. 14:8; Лк. 21:2; 1 Тим. 1:12; 6:6.)