84-ЫР
Эмгектен
-
1. Кудайыбыз билет сырын
Ийгиликтин, кубанычтын.
Эшик ачат ал кызматка,
Багыт берет кадамыңа.
КАЙЫРМА
Эмгектен, баарын бер
ыйык Кудайга.
Муктаждык көп жерде кызмат кыл,
күчүң аяба.
-
2. Бардык жерде жумуш арбын.
Сен да ага кошкун салым.
Башкаларга кам көрөбүз.
Кабар айтып, бөлүшөбүз.
КАЙЫРМА
Эмгектен, баарын бер
ыйык Кудайга.
Муктаждык көп жерде кызмат кыл,
күчүң аяба.
-
3. Өлкөбүздө, башка жакта
Катышабыз курулушка.
Тил үйрөнүп, машыгабыз,
Жакшы кабар таратабыз.
КАЙЫРМА
Эмгектен, баарын бер
ыйык Кудайга.
Муктаждык көп жерде кызмат кыл,
күчүң аяба.
(Кара: Жкн. 4:35; Элч. 2:8; Рим. 10:14.)