Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

85-ЫР

Бири-бирибизди жылуу кабыл алалы

Бири-бирибизди жылуу кабыл алалы

(Римдиктер 15:7)

  1. 1. Жыйналышка келгендердин баарын

    Жылуу кабыл алалы дайым.

    Кудай өмүр тартуулайт баарына.

    Чын жүрөгүбүздөн ыраазыбыз ага.

  2. 2. Бир туугандар аркылуу Жахаба

    Сүйүү көрсөтөт баарыбызга.

    Аларды баалайлы, урматтайлы.

    Башкаларды да жылуу кабыл алалы.

  3. 3. Момундарды Кудай чакырууда

    Чындык сөзүн кабыл алууга.

    Ал бизди өзүнө жакындатты.

    Ишенимдештерге биз да жакындайлы.