Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

95-ЫР

Жарык уламдан-улам жаркыроодо

Жарык уламдан-улам жаркыроодо

(Накыл сөздөр 4:18)

  1. 1. Байыркы замандагы пайгамбарлар

    Машаякты күтүп келишкен.

    Жахаба Куткаруучунун келерин

    Руху аркылуу ачып берген.

    Кийин белгиленген убак келгенде,

    Машаяк отурган такка.

    Бул абдан терең чындыкты билүүнү

    Самап келген периштелер да.

    КАЙЫРМА

    Жолубуз улам жаркыроодо.

    Биз жүрөбүз жарык жолдо.

    Чындыкты айкын түшүнөбүз.

    Кудай салат туура жолго.

  2. 2. Иса ишенимдүү кулду дайындап,

    Кам көрүп, азыктандырууда.

    Чындык барган сайын жарыгын чачып,

    Үмүтүбүздү жандырууда.

    Чындыктын жолу жаркыраган сайын,

    Коркпостон кадам шилтейбиз.

    Бул үчүн Кудайыбыз Жахабага

    Ыраазычылык билдиребиз.

    КАЙЫРМА

    Жолубуз улам жаркыроодо.

    Биз жүрөбүз жарык жолдо.

    Чындыкты айкын түшүнөбүз.

    Кудай салат туура жолго.