99-ЫР
Миң сандаган бир туугандар
-
1. Миң сандаган бир туугандар
Турат мен тарапта.
Берилгендигин сактап,
Ар дайым кызматта.
Түмөндөгөн туугандар
Миң-миңдеп саналат.
Жахабаны даңктап ырдашат,
Шаңдуу үн салышат.
-
2. Миң сандаган бир туугандар
Кабар таратышат.
Падышалык кабарын
Бүт элге айтышат.
Кабылышат кызматта
Кыйынчылыктарга.
Бирок Иса кайраттандырып,
Күч берет аларга.
-
3. Миң сандаган бир туугандар
Жахаба тарапта.
Жердеги короосунда
Күнү-түн кызматта.
Түмөндөгөн туугандар
Кабарды жарлашат.
Берилгендикте Жахабанын
Кызматын кылышат.
(Кара: Ыш. 52:7; Мт. 11:29; Аян 7:15.)