Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

100-ЫР

Меймандос бололу

Меймандос бололу

(Элчилер 17:7)

  1. 1. Жараткан Жахаба — меймандос Кудай.

    Кам көрөт баарына калыс атадай.

    Күнүн, жамгырын да

    берет бардыгына,

    Тамак-аш менен камсыз кылат.

    Бей-бечараларга жардам кылалы,

    Туурап асмандагы Кудайыбызды.

    Жакшылык кылалы,

    баалайт Кудай аны.

    Ал бизди сыйлыксыз калтырбайт.

  2. 2. Муктаж болгондорго көмөк кылалы.

    Жакшылык кылуудан эч чарчабайлы.

    Меймандос бололу,

    бөлбөйлү чоочунду.

    Бет карамалыктан качалы.

    Жылуу тосуп алалы меймандарды.

    Сыйчыл Лидиядан үлгү алалы.

    Жакшылык кылганга

    Кудай берет бата.

    Ал унутпайт андай адамды.