102-ЫР
«Алсыздарга жардам берели»
-
1. Жеткилеңсиз пендебиз
Жаңылабыз көп.
Ошентсе да Жахаба
Бизге кам көрөт.
Ал абдан мээримдүү,
Теңдешсиз сүйүүсү.
Бололу кыйналганга
Жөлөк дайыма.
-
2. Күчтүүдөй көрүнсө да,
Алдан тайышат.
Жылуу сөздөрдү айтып,
Берели кайрат.
Жахаба алсызга
Күч берет дайыма.
Сооротуп алсыздарды,
Көмөк кылалы.
-
3. Алсызды тебелебей,
Биз боор ооруйлу.
Кантип бекемдесем деп
Жолун ойлойлу.
Мактоого март болуп,
Кайраттандыралы.
Алар кыйналышканда,
Таштап салбайлы.
(Кара: Ыш. 35:3, 4; 2 Кор. 11:29; Гал. 6:2.)