Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

105-ЫР

«Кудай — сүйүү»

«Кудай — сүйүү»

(1 Жакан 4:7, 8)

  1. 1. Сүйүүнүн Кудайы үндөйт

    Жолун жакшы көрүүгө.

    Сүйүү болсо умтулабыз

    Жакшы ишке күнүгө.

    Бул — жашоонун мыкты жолу.

    Ошол жолдон чыкпайбыз.

    Ал сүйүү көңүл калтырбайт,

    Аны чагылдырабыз.

  2. 2. Жахаба бизди үйрөтөт

    Башкаларды сүйүүгө.

    Чалынсак эгер капыстан,

    Кудай тургузат өйдө.

    Сүйүү таза, эч көз артпайт,

    Боорукер, көтөрүмдүү.

    Таттуу даамын таталы биз

    Өрчүтүп ал сүйүүнү.

  3. 3. Таарынычка жеңдирбегин,

    Сени бийлеп албасын.

    Кудайга дароо кайрылгын,

    Жардам, жетек аласың.

    Жахабаны, жакыныңды

    Сүйүүгө үйрөнөсүң.

    Аныкындай күчтүү, назик

    Сүйүү дайым өрчүткүн.