Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

111-ЫР

Кубанууга себептер

Кубанууга себептер

(Матай 5:12)

  1. 1. Кубанууга көп себептер бар,

    Кубанычыбыз артууда.

    Бардык элдердин асылдары

    Бүгүн бизге кошулууда.

    Кубанычыбыз негизделет

    Кудайдын Сөзүнө терең.

    Аны күнүгө изилдесек,

    Ишеним курулат бекем.

    Жүрөгүбүздөгү кубаныч

    Жалындап турат дайыма.

    Кабылганда кыйынчылыкка,

    Жардамга келет Жахаба.

    КАЙЫРМА

    Жахаба — кубанычыбыз.

    Бизди иштери кубантат.

    Ойлору терең, иштери улуу,

    Анын күчүн чагылдырат.

  2. 2. Баарын кереметтүү жараткан,

    Ар бир иши суктандырат.

    Жаратылышка көз чаптырсак,

    Бизди иштери таңдантат.

    Күбөлөндүрөбүз баарына

    Кудайдын Падышалыгын.

    Жарлайбыз анын орногонун,

    Төгө турган баталарын.

    Түбөлүккө кубана турган

    Бейиш заманга аз калды.

    Жаңы асман, жаңы жер бөлөйт

    Кубанычка баарыбызды.

    КАЙЫРМА

    Жахаба — кубанычыбыз.

    Бизди иштери кубантат.

    Ойлору терең, иштери улуу,

    Анын күчүн чагылдырат.