Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

117-ЫР

Жакшылык кылуу

Жакшылык кылуу

(2 Жылнаама 6:41)

  1. 1. Жакшылыгың чексиз сенин,

    Мол батаңды бересиң.

    Берилгенсиң, сен ыйыксың,

    Көп жакшылык кыласың.

    Ырайым кыласың бизге,

    Татыктуу болбосок да.

    Кызмат кылабыз кубана,

    Сыйынабыз бир сага.

  2. 2. Ээбиз Жахаба Кудайдын

    Бардык сапаттарына.

    Көрүнөт жүрүм-турумдан

    Кабар айтканыбызда.

    Окутасың, кайтарасың,

    Мунун баарын баалайлы.

    Кылуу үчүн жакшылыкты.

    Ыйык рухун сурайлы.

  3. 3. Ишенимдештерибизден

    Аябайбыз жардамды.

    Башкаларга да жакшылык

    Кылууну унутпайлы.

    Үйдө да, жыйналышта да,

    Айылдарда, шаарларда

    Жакшылык кылып баарына

    Болбойлу бет карама.