Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

120-ЫР

Машаяктан үлгү алып, момун бололу

Машаяктан үлгү алып, момун бололу

(Матай 11:28—30)

  1. 1. Машаяк — тарыхтагы улуу адам,

    Бирок бой көтөргөн эмес эч качан.

    Жахаба ага зор бийлик берсе да,

    Кала берет момун бойдон дайыма.

  2. 2. Түйшүк тартып кыйналгандар, уккула.

    Исанын моюнтуругун алгыла.

    Падышалыктын иштери чарчатпайт.

    Мырзабыз Иса момундарды баалайт.

  3. 3. «Силер бир туугансыңар»,— деген Иса.

    Мырзабызга баш иели дайыма.

    Жахабага момундар абдан жагат.

    Алар жерди түбөлүк мурасташат.