124-ЫР
Берилгендик көрсөтөбүз
-
1. Көрсөткүбүз келет дайым
Берилгендик Кудайга.
Баш ийгибиз келет анын
Мыйзам-буйруктарына.
Кеңештери абдан баалуу.
Аларды аткаралы.
Кудайыбыз ишенимдүү.
Андан алыстабайлы.
-
2. Берилгендик көрсөтөбүз
Бир туугандарыбызга.
Кыйынчылык учурларда
Кубаттайбыз дайыма.
Чын жүрөктөн урматтайбыз,
Ишенебиз аларга.
Күчтүү сүйүү көрсөтөлү
Бир туугандарыбызга.
-
3. Берилгендик көрсөтөбүз
Аксакалдарыбызга.
Кеңештерин кабыл алып,
Даярбыз аткарууга.
Жахаба батасын берет,
Күч-кайратка толобуз.
Ишенимди бек сактасак,
Ага таандык болобуз.
(Кара: Заб. 149:1; 1 Тим. 2:8; Евр. 13:17.)