125-ЫР
Кайрымдуулар бактылуу
-
1. Кайрымдуу Кудай Жахаба
Жакшылык кылат баарына.
Жүрөгү толгон сүйүүгө,
Кам көрөт бизге күнүгө.
Өкүнгөндөр ишенишет,
Кудай аларды кечирет.
Унутпайт алсыз пендесин,
Көрсөтөт боорукердигин.
-
2. Күнөө кылып кыйналганда
Кайрылалы Жахабага.
Мырзабыз үлгү көрсөткөн,
Тиленгенди ал үйрөткөн:
«Кечиребиз башкаларды.
Кечире көр бизди дагы».
Таарынычты унутабыз,
Кубанып кызмат кылабыз.
-
3. Жакшылык кылып чын дилден,
Бололу дайым берешен.
Жакшы ишти жар салбайлы,
Ак ниет менен кылалы.
Кудай көрүп турат баарын,
Аябайт сенден сыйлыгын.
Кайрымдуу киши бактылуу.
Кудайдын алдында баалуу.
(Кара: Мт. 6:2—4, 12—14.)