126-ЫР
Сергек, бекем, күчтүү бололу
-
1. Сергек, бекем бололу биз,
Күчүбүздү чыңдайлы.
Жетебиз сөзсүз жеңишке.
Тайманбай алгалайлы!
Буйругун Иса Машаяктын
Аткаралы талбай күн сайын.
КАЙЫРМА
Сергек, бекем, күчтүү бололу
Кызматыбызда дайым.
-
2. Сергек туруп, сак бололу.
Дайыма тил алалы.
Машаяктын кул аркылуу
Айткан сөзүн угалы.
Ал дайындаган койчулардын
Кабыл алалы айткандарын.
КАЙЫРМА
Сергек, бекем, күчтүү бололу
Кызматыбызда дайым.
-
3. Биримдик, тынчтык сактайлы,
Коргоп жакшы кабарды.
Душмандар каршы болсо да,
Токтотпостон айталы.
Даңктайлы Жахабанын ысмын.
Аз калды Сот күнүнө анын!
КАЙЫРМА
Сергек, бекем, күчтүү бололу
Кызматыбызда дайым.
(Кара: Мт. 24:13; Евр. 13:7, 17; 1 Пет. 5:8.)