131-ЫР
«Кудай кошконду адам ажыратпасын»
-
1. Үч кат жип байланды,
Бөлөп кубанычка.
Убадалар айтылды
Күбөлөр алдында.
1-КАЙЫРМА
Күйөө убада берди:
«Сүйөм»,— деп жубайын.
Кудай кошконду адам
Эч ажыратпасын.
-
2. Таанып-билди алар
Жахабанын эркин.
Сөзүнө туруш үчүн
Издешет жетегин.
2-КАЙЫРМА
Сөзүн берди колукту:
«Сүйөм»,— деп жубайын.
Кудай кошконду адам
Эч ажыратпасын.
(Кара: Башт. 2:24; Нас. 4:12; Эф. 5:22—33.)