135-ЫР
Жахабанын чакырыгы: «Уулум, акылдуу бол»
-
1. Жаштар, жашооңорду
мага арнагыла.
Ошондо өзүм жооп
кайтарам Шайтанга.
Арнагыла мага
бүт жаштыгыңарды.
Дүйнө билсин мен үчүн
жашаарыңарды.
КАЙЫРМА
Уул-кыздарым, менин сүйүктүү!
Дайым акылдуу болгула.
Чын жүрөктөн кызмат кылгыла,
Жүрөгүмдү кубанткыла.
-
2. Кызмат кылгыла мага
кубаныч менен.
Чалынсаңар, турууга мен
жардам берем.
Башкалар көңүлүңөрдү
калтырса да,
Мен силерди баалайм,
эч унутпагыла.
КАЙЫРМА
Уул-кыздарым, менин сүйүктүү!
Дайым акылдуу болгула.
Чын жүрөктөн кызмат кылгыла,
Жүрөгүмдү кубанткыла.
(Кара: Мыйз. 6:5; Нас. 11:9; Ыш. 41:13.)