136-ЫР
Жахаба берген сыйлык
(Рут 2:12)
-
1. Жахаба ишенимдүү, жакшы билет
Берилген кызматчыларын.
Билет берилгендик көрсөткөндөрдүн
Көп нерседен айрыларын.
Үй-бүлөңдү, досторуңду калтырсаң,
Кудай аны көрүп турат.
Ал сени түбөлүктүү келечекке,
Бир туугандарга ээ кылат.
КАЙЫРМА
Сооротуунун Кудайы Жахаба
Эмгегиң үчүн сыйлык ыйгарат,
Канатына коргоп калкалайт.
Кудай ишенимдүү, ал эч калтырбайт.
-
2. Бул дүйнөдө азап-кайгы абдан көп.
Каргашалар баш көтөртпөйт.
Күн сайын түйшүк менен алышабыз,
Түгөнбөчүдөй көрүнөт.
Камкор Кудай угат жалынычыңды,
Аарчыйт көзүңдөгү жашты.
Досторубуз, ыйык рух, Ыйык Китеп
Колдоп-коргоп, кубат берет.
КАЙЫРМА
Сооротуунун Кудайы Жахаба
Эмгегиң үчүн сыйлык ыйгарат,
Канатына коргоп калкалайт.
Кудай ишенимдүү, ал эч калтырбайт.
(Кара: Бий. 11:38—40; Ыш. 41:10.)