144-ЫР
Көзүңдү алба сыйлыктан
-
1. Сокурлардын көзү ачылат,
Дүлөйлөрдүн кулагы угат.
Ырдашат балдар көк жаңыртып,
Шаттык болот, гүлдөйт тынчтык.
Өлгөндөр жашашат кайрадан.
Тазаланат жер жамандыктан.
КАЙЫРМА
Жакында келет Бейиш заман.
Алба көзүңдү сыйлыктан.
-
2. Карышкыр, койлор бир жайытта.
Музоолор, аюу бейкуттукта.
Ээрчитет аларды жаш бала,
Тил алышат ал чакырса.
Калат артта кайгы, ый, муң-зар.
Коркунуч болбойт, оору-дарттар.
КАЙЫРМА
Жакында келет Бейиш заман.
Алба көзүңдү сыйлыктан.
(Кара: Ыш. 11:6—9; 35:5—7; Жкн. 11:24.)