Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

150-ЫР

Куткаруучу Кудайды издейли

Куткаруучу Кудайды издейли

(Сепания 2:3)

  1. 1. Кудайдын Уулуна

    Элдер каршы чыгууда.

    Адамдардын башкаруусу

    Ойрон болот жакында.

    Маалы келип жетти,

    Орнойт Кудай бийлиги.

    Машаяк соттойт душмандарын,

    Тирүү калбайт эч бири.

    КАЙЫРМА

    Куткарылуу Жахабадан.

    Бекем ишен, ага таян.

    Адилдикке тол,

    Ишенимдүү бол,

    Кудайдын бийлигин жакта.

    Ошондо сен ээ болосуң

    Куткарылууга.

  2. 2. Бардык адамдарга

    Кабар таратылууда.

    Кабар угууну, укпоону

    Өздөрү тандашууда.

    Чоң сыноо болсо да,

    Коркпо, таян Кудайга.

    Ал ишенимдүүлөрүн коргойт,

    Келет дайым жардамга.

    КАЙЫРМА

    Куткарылуу Жахабадан.

    Бекем ишен, ага таян.

    Адилдикке тол,

    Ишенимдүү бол,

    Кудайдын бийлигин жакта.

    Ошондо сен ээ болосуң

    Куткарылууга.