Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

«Кудайдан аян алдым»

«Кудайдан аян алдым»

ЖЕЗЕКИЕЛ 1:1

ӨЗӨК ОЙ: Жезекиел пайгамбардын асман арабасы жөнүндө алган аяны

1—3. а) Жезекиел эмнелерди көргөнүн жана укканын сүрөттөп бергиле. (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.) б) Жезекиел көргөн нерсенин артында эмне болгон күч турган жана уккан-көргөнү ага кандай таасир эткен?

ЖЕЗЕКИЕЛ тээ алыстагы кумдуу түздүккө тигиле таң кала карап турат. Бир үңүлө карап, бир алая карап, көргөнүнө ишене албай аң-таң. Жердин кыйырынан катуу шамал көтөрүлүп, жакындап келатат. Бирок ал кадимки шамал эмес. Түндүктөн келаткан уюлгуган ал шамалдан улам чачы уйпаланып, этек-жеңи делпектеп турган Жезекиел асман бетин бербей каптаган, түрмөктөлгөн булутту көрөт. Бир маалда булуттун айланасы жаркырай түшөт. Анын жаркыраганы алтын менен күмүштүн эритмеси сыяктанат. Булут Жезекиелге жакындаган сайын, андан чыккан добуш күркүрөгөндөн күркүрөп, «аскер кошуунунун чуусундай» угулат (Жез. 1:4, 24).

2 30 жаштардагы бул жигит өмүрү унутулгус окуялардын алгачкысына күбө болуп отурат. Ал «Жахабанын колунун» анын үстүндө экенин, кубаты теңдешсиз ыйык рухунун таасирин сезип турат. Жезекиел ошол рухтун жетеги менен көрө турган жана уга турган нерселер ушунчалык таасирдүү болгондуктан, аларды бүгүнкү күндө тартылган тасмалардагы өзгөчө таасир берерлик көрүнүштөрдүн бирине да салыштырып болбойт. Жезекиел ал аянды көргөндө жүзтөмөндөп жыгылат (Жез. 1:3, 28).

3 Бирок Жахабанын максаты тек гана Жезекиелди таасирлентүү болгон эмес. Жезекиел көргөн биринчи аян, жүрөк толкутарлык пайгамбарлыктар камтылган өзү жазган китептеги башка аяндардай эле, өзү үчүн да, Жахабанын бүгүнкү күндөгү ишенимдүү кызматчылары үчүн да терең мааниге ээ. Эмесе, Жезекиелдин эмнелерди көргөн-укканына кененирээк токтололу.

Ошол убактагы жагдай

4, 5. Жезекиел аян алган учурда жагдай кандай эле?

4 Окугула: Жезекиел 1:1—3. Адегенде ошол убактагы жагдайды эсибизге салалы. Б.з.ч. 613-жыл. Өткөн бөлүмдөн билгенибиздей, Жезекиел Бабылда. Ал туткундалып келген ысрайылдыктар менен чогуу Кебар дарыясынын — кыязы, Эфрат дарыясынан агып чыгып, кайра ага кошулган, кайыктар жүрө турган чоң өстөндүн — боюндагы конушта жашап жаткан.

Жезекиел туткундалып келген башка мекендештери менен бирге Кебар дарыясынын боюнда жашаган (4-абзацты карагыла)

5 Туткундагы элдин мекени Иерусалим 800 чакырымдай алыс калган *. Жезекиелдин атасы дин кызматчы катары кызмат кылган ал жактагы ибадаткана жалган сыйынуу, бурканга табынуу менен арамдалып калган болчу. Бир учурда Дөөтү менен Сулайман бийлик жүргүзгөн Иерусалимдеги даңктуу падышалык эми минтип шылдыңга калып отурат. Жахабага ишенбеген Жаякин падыша туткундалган эл менен бирге Бабылда. Ал эми анын ордуна такка отурган Ситкия падыша бабылдыктар так текедей ойноткон ыймансыз киши болгон (2 Пад. 24:8—12, 17, 19).

6, 7. Жезекиел үчүн ошол мезгил эмне себептен оор болсо керек?

6 Кудайга ишенимдүү Жезекиел үчүн ошол мезгил жашоосундагы эң эле оор учур болсо керек. Туткундагы мекендештеринин айрымдары: «Жахаба бизди түбөлүккө таштап койдубу? Жалган кудайларга жык толгон Бабыл империясы таза сыйынууну жана Жахабанын бийлигин жер бетинен биротоло жоюп салабы?» — деп бушайман болушса керек.

7 Ушул нерселерди эске алып бул теманы жекече изилдей баштаардан мурун Жезекиелдин биринчи аяны укмуштуудай сүрөттөлгөн аяттарды окуп чыгууга эмне үчүн болбосун? (Жез. 1:4—28) Аларды окуп жатканда өзүңөрдү Жезекиелдин ордуна коюп, ал көргөндү көргөнгө, ал укканды укканга аракет кылгыла.

Каркемиштин аймагынан агып өткөн Эфрат дарыясы (5—7-абзацтарды карагыла)

Адаттан тыш унаа

8. Жезекиел аянда эмнени көргөн жана ал эмнени билдирген?

8 Жезекиел эмнени көргөн? Анын көргөнү кастарлоону туудурган чоң унаага окшош болгондуктан араба деп сүрөттөлгөн. Арабанын бир башкача төрт рух коштогон аябагандай чоң төрт дөңгөлөгү болгон. Кийинчерээк ал рухтардын керуптар экени айкын болгон (Жез. 10:1). Жезекиел алардын төбөсүндөгү музга окшош чоң аянтты көргөн. Ал эми анын үстүндө Жахаба өзү отурган даңкка бөлөнгөн такты турган! Араба эмнени билдирген? Ал Жахабанын даңктуу уюмунун асмандагы бөлүгүн билдирет деп айтууга болот. Эмне үчүн? Ушундай жыйынтык чыгарууга төмөнкү үч нерсе негиз боло алат.

9. Жахабанын асмандагы өзү жараткан тирүү жандардын үстүнөн жүргүзгөн бийлиги кандайча арабанын сүрөттөлүшүнө дал келет?

9 Жахабанын асмандагы өзү жараткан тирүү жандардын үстүнөн жүргүзгөн бийлиги. Бул аянда Жахабанын тактысы керуптардын үстүндө жайгашканына көңүл бурсаңар. Кудайдын Сөзүнүн башка жерлеринде да Жахабанын тактысынын керуптардын үстүндө же ортосунда турганы сүрөттөлөт. (Окугула: 2 Падышалар 19:15; Чыг. 25:22; Заб. 80:1.) Албетте, Жахаба сөздүн түз маанисинде өзүнүн керуптарынын — кубаттуу рухтардын — үстүндө отурбайт. Анткени алардын аны көтөрүп жүрүшүнө да, кадимки арабага да муктаж эмес. Бирок керуптар Жахабанын эгедерлигин колдошот жана ал аларды өзүнүн эркин аткартыш үчүн ааламдын каалаган жерине жибере алат. Алар Жахабанын кызматчылары же өкүлдөрү катары, бардык ыйык периштелердей эле, анын чечимдерин ишке ашырышат (Заб. 104:4). Жахаба баары биригип бир чоң унааны түзгөн периштелерин башкаруучу катары башкарып, ушундай мааниде үстүндө «отурат».

10. Асман арабасы төрт керуптан да көптү камтый турганын эмнеден билүүгө болот?

10 Араба өз ичине төрт эле керупту камтыбайт. Жезекиел аянда төрт керупту көргөн. Төрт деген сан Ыйык Китепте толуктукту — ааламдагы бүт бардык нерсени камтыгандыкты — билдирет. Демек, төрт керуп Жахабанын ага берилген рухий уулдарынын баарын билдирет. Дөңгөлөктөрдүн эле эмес, керуптардын да көздөргө толгону көңүлгө аларлык. Алардын көздөргө толгону — байкагычтыктын, сергектиктин белгиси. Мындай өзгөчөлүк аяндагы төрт керупка эле эмес, асмандагы бардык тирүү жандарга мүнөздүү. Жезекиелдин арабаны сүрөттөгөнүнөн анын абдан чоң экенин билүүгө болот, анын жанында атүгүл керуптар да кичинекей эле көрүнгөн (Жез. 1:18, 22; 10:12). Анын сыңарындай, өз ичине төрт керуптан да көптү камтыган Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгү да абдан чоң.

Жахабанын асман арабасы жөнүндө аян алганда Жезекиелди кастарлоо сезими чулгаган (8—10-абзацтарды карагыла)

11. Даниел Жезекиелдикине окшош кандай аян көргөн жана андан кандай жыйынтык чыгарсак болот?

11 Даниелдин асман жөнүндө ушу сыяктуу аян көрүшү. Даниел пайгамбар Бабыл шаарына туткундалып кеткенден кийин ал жакта көп жыл жашаган. Ал да асман жөнүндө аян алган. Кызыктуусу, ошол аянда да Жахабанын тактысынын дөңгөлөктөрү бар болчу. Даниелдин аянында Жахабанын асмандагы рухий уулдарынан турган үй-бүлөсүнүн канчалык чоң экенине басым жасалган. Даниел Жахабанын алдында миңдеген, түмөндөгөн рухий уулдарынын турганын көргөн. Алар асман ордосунда, кыязы, ар бири дайындалган ордунда отурган (Дан. 7:9, 10, 13—18). Демек, Жезекиелдин аянындагы араба асмандагы ошол даңктуу тирүү жандардын баарын билдирет деп жыйынтык чыгаруу негиздүү.

12. Жезекиелдин асман арабасы жөнүндөгү аяны сыяктуу билдирүүлөрдү изилдөө бизди кандайча коргойт?

12 Жахаба адамдардын «көрүнбөгөн нерселерге» көңүл топтогону аларды коргой турганын жакшы билет. Кандайча? Эт менен кандан тургандыктан биз көзгө көрүнгөн убактылуу эле нерселерге — дененин муктаждыктарына — өтө көп көңүл топтогонго жакынбыз. (Окугула: 2 Корунттуктар 4:18.) Шайтан көбүнчө ошол жакындыгыбызды колдонот жана бизди дененин муктаждыктарын гана ойлогон адам кылгысы келет. Ушундай кысымга туруштук беришибиз үчүн, Жахаба сүйүүсүнөн улам Жезекиелдин пайгамбарлыгы сыяктуу кастарлоо сезимин туудурган асмандагы үй-бүлөсү жөнүндөгү жүрөк толкутарлык билдирүүлөрдүн жаздырылышына кам көргөн.

«Айланып жаткан дөңгөлөктөр!»

13, 14. а) Жезекиел аянында көргөн дөңгөлөктөрдү кантип сүрөттөгөн? б) Жахабанын тактысынын дөңгөлөктүү болгону эмне үчүн жөндүү?

13 Жезекиел адегенде төрт керупка көңүл бурган. Кийинки бөлүмдөн биле турганыбыздай, ошол тирүү жандар жана алардын таасирдүү көрүнүшү жөнүндөгү билдирүүдөн Жахаба жөнүндө көптү биле алабыз. Бирок Жезекиел төрт керуптун жанынан чоң аянтты түзгөн, сыягы, төрт жерде турган төрт дөңгөлөктү да көргөн. (Окугула: Жезекиел 1:16—18.) Дөңгөлөктөр хризолиттен, сары же саргыч жашыл түстөгү кымбат баалуу анча тунук эмес таштан, жасалгандай көрүнгөн. Ал кооз таш жаркырап турган.

14 Аянда арабанын дөңгөлөктөрүнө өзгөчө басым жасалган. Тактынын дөңгөлөктүү болгону кандай гана таң калыштуу болгон! Тактыны адатта кандай элестетебиз? Негизи, такты бир жерге орнотулат, ошого жараша жердеги андай тактыларда отурган өкүмдарлардын бийлиги да чектелүү болот. Ал эми Жахабанын эгедерлиги адамдардын бийлигинен кыйла айырмаланат. Жезекиел кийинчерээк биле тургандай, Жахабанын ааламдагы бийлигине чек жок (Нек. 9:6). Ошондуктан ааламдын Эгедери Жахаба бийлигин кайсы жерде болбосун жүргүзө алат!

15. Жезекиел дөңгөлөктөрдүн түзүлүшүнө жана чоңдугуна байланыштуу эмнени байкаган?

15 Жезекиел дөңгөлөктөрдүн чоңдугуна аябай таң калган. Ал: «Алардын алкактары ушунчалык бийик болгондуктан коркунучтуу көрүндү»,— деп жазган. Анын башын чалкалатып, бүт асман бетин ээлеген укмуштуудай чоң, жаркыраган алкактарды карап турганын элестетсек болот. Ал андан ары: «Төрт дөңгөлөктүн тең алкактарында тегерете көздөр жайгашыптыр»,— деп бүйүрдү кызыткан нерсени айткан. Бирок баарынан да дөңгөлөктөрдүн түзүлүшү бөтөнчө болгон. Жезекиел: «Алардын көрүнүшү менен түзүлүшү бир дөңгөлөк экинчи дөңгөлөктүн ичинде жайгашкандай экен»,— деп баяндаган. Ал эмнени билдирген?

16, 17. а) Кандай мааниде дөңгөлөктүн ичинде дөңгөлөк болгон? б) Дөңгөлөктөр жөнүндө жазылгандардан арабанын жүрүшү жөнүндө эмнени билсе болот?

16 Сыягы, Жезекиел көргөн ар бир дөңгөлөк бири-бирине тик бурч менен тигинен бириккен эки дөңгөлөктөн турган. Бул эмне үчүн ошол дөңгөлөктөрдүн Жезекиел сүрөттөгөндөй жүрүп жатканын түшүнүүгө жардам берет. Ал: «Жылганда алар төрт тарапка багыт алып жатышты. Жылып баратканда башка жакка бурулушкан жок»,— деп жазган. Дөңгөлөктөр жөнүндө жазылгандардан асман арабасы жөнүндө эмнени билсе болот?

17 Дөңгөлөктөр ушунчалык чоң болгондуктан бир айланганда эле бир топ жерди басып өтө алмак. Жезекиелдин көргөнү боюнча, арабанын жүрүшүнүн ылдамдыгы чагылгандыкындай болгон (Жез. 1:14). Андан тышкары, дөңгөлөктөрдүн төрт тарапка тең жүрө алганы алардын тездигинен кабар берет. Андай механизмди ойлоп табуу инженерлер үчүн тек гана кыял. Асман арабасы өз багытын ылдамдыгын жайлатпай эле, атүгүл бурулбай туруп өзгөртө алат! Бирок бул анын туш келди жакка эле бет ала берерин билдирбейт. Алкактардын көздөргө толгону ал арабанын, кайсы тарапка бет албасын, тегерек-четиндегинин баарынан толук кабардар экенин айкын көрсөтүп турат.

Дөңгөлөктөр укмуштуудай чоң болгон жана абдан тез ылдамдыкта айланган (17-абзацты карагыла)

18. Дөңгөлөктөрдүн чоңдугунан жана көздөргө толгонунан эмнени биле алабыз?

18 Жахаба Жезекиелге жана бардык ишенимдүү адамдарга өзүнүн уюмунун асмандагы бөлүгү жөнүндө эмнени ачып бергиси келген? Буга чейин билгендерибизге бир аз токтололу. Дөңгөлөктөрдүн жаркыраган таштан жасалганынан, чоңдугунан Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгүнүн даңкын, ошондой эле кастарлоо сезимин туудурарын билдик. Ал эми дөңгөлөктөрдүн көздөргө толгонунан бардык нерседен маалымдар экенин билдик. Жахаба өзү деле бардык нерсени көрүп турат (Накыл 15:3; Жер. 23:24). Бирок анын, андан тышкары, ааламдын кайсы жагына болбосун жибере ала турган миллиондогон кызматчы периштелери бар. Алар баарына кылдат байкоо салып, өздөрүнүн Эгедерине маалымат жеткирип турушат. (Окугула: Еврейлер 1:13, 14.)

Дөңгөлөктөрдүн түзүлүшү алардын багытын чукул өзгөртө ала турганын көрсөтүп турат (17, 19-абзацтарды карагыла)

19. Арабанын ылдамдыгынан, багытын чукул өзгөртө алганынан Жахабанын өзү жана уюмунун асмандагы бөлүгү жөнүндө эмнени биле алабыз?

19 Андан ары арабанын ушунчалык тез жүрөрүн жана багытын чукул өзгөртө аларын билдик. Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгү адамдык өкмөттөрдөн, түзүлүштөрдөн, уюмдардан канчалык айырмаланары жөнүндө ойлонуп көрөлү. Алар дүйнөдөгү көйгөйлөрдү кантип чечишти билбейт, улам өзгөрүп турган жагдай-шартка ылайыкташа да албайт. Ушул себептен ийгиликке жетпейт жана акыры жок кылынат. Ал эми асман арабасы аны башкарган Жахабанын акылмандыгын, жагдайга ыңгайлаша билгенин жеткилең түрдө чагылдырып турат. Жахаба, өз ысымынын маанисине ылайык, ой-ниетин ишке ашырыш үчүн ким болушу зарыл болсо, ошол боло алат (Чыг. 3:13, 14). Мисалы, ал тез эле өз эли үчүн күрөшкөн кубаттуу Жоокер боло алат, бирок ошол эле учурда олуттуу күнөө кетирип өкүнгөндөрдү түзөтүп, кайра калыбына келүүгө көмөк кылган кечиримдүү Кудай да боло алат (Заб. 30:5; Ыш. 66:13).

20. Жахабанын арабасы жөнүндө билгендерибиз эмне үчүн бизде кастарлоо сезимин туудурушу керек?

20 Жезекиелдин аяны жөнүндө көбүрөөк билгенден кийин: «Жахабанын арабасы жөнүндө билгендерим менде кастарлоо сезимин туудурабы?» — деп ойлонууга түрткү алышыбыз мүмкүн. Биз арабанын учурда жүрүп баратканын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Жахаба, анын Уулу жана бардык периштелер көңүлүбүздү чөгөргөн көйгөйлөрүбүздү көрбөйт деп эч качан ойлобошубуз керек. Кудайыбыз керектүү жардамды өз учурунда бере албайт же анын уюму оомалуу-төкмөлүү бул дүйнөдөгү жаңы кыйынчылыктарга ылайыкташып жетише албайт деп да тынчсызданбашыбыз керек. Жахабанын уюмунун жигердүү иш алып барып жатканын, болуп көрбөгөндөй алдыга илгерилеп баратканын унутпаганыбыз маанилүү. Жезекиел асмандан: «Оо, айланып жаткан дөңгөлөктөр!» — деп айтылганын уккан. Бул сөздөр, кыязы, дөңгөлөктөргө белгилүү бир багытка бет алууга берилген буйрук болгон (Жез. 10:13). Ооба, Жахабанын өз уюмун кантип башкарып жатканы жөнүндө ой жүгүртүү бизди кастарлоо сезимине чулгайт! Бирок Жахабанын өзү жөнүндө ойлонгондогу сезимибиз андан алда канча ашып түшөт!

Жалгыз Башкаруучу

21, 22. Арабанын бөлүктөрүн өз ордуларында эмне кармап турарын кантип түшүндүрсөк болот?

21 Дөңгөлөктөрдөн кийин Жезекиел алардын өйдө жагындагы «муз сымал жылтылдаган аянтка окшош бир нерсеге» көңүл бурган (Жез. 1:22). Ал керуптардын төбөсүндө, тээ өйдө жакта, жаркырап турган анча тунук эмес аянт жайгашканын көргөн. Техниканы жакшы билгендерде асман арабасы жөнүндө көп суроо туулат болуш керек. Мисалы, айрымдар: «Аянтты дөңгөлөктөрдүн үстүндө эмне кармап турат? Бириктирип кармап турган огу болбосо, дөңгөлөктөр кантип бирдей жылат?» — деп ойлонушу мүмкүн. Бирок бул рухий чөйрөнү сүрөттөгөн каймана араба болгондуктан физикалык мыйзамдар менен чектелбей турганын унутпашыбыз керек. Ошондой эле: «Тирүү жандыктардын руху [тирүү жандыктарга таасир эткен рух] дөңгөлөктөрдө экен»,— деген маанилүү сөздөрдү да эске алуу керек (Жез. 1:20, 21). Керуптар менен дөңгөлөктөргө кайсы рух таасир эткен?

22 Ал рухтун Жахабанын ыйык руху — ааламдагы эң кубаттуу күч — экенине шек жок. Иш-аракет кылуучу ошол күч арабаны бир бүтүн нерсе кылып кармап, кыймылга келтирип, бир багытка салып башкарып турат. Ушуну эсибизде бек сактап, келгиле, арабаны ким башкарып жатканына Жезекиел менен чогуу көңүл буралы.

Сүрөттөп бериш кыйынга турган аянды баяндаш үчүн Жезекиелге сөз табууга туура келген

23. Жезекиел Жахабаны сүрөттөш үчүн кандай сөздөрдү колдонгон жана эмне үчүн?

23 Окугула: Жезекиел 1:26—28. Жезекиел ушул аянды сүрөттөгөндө мындай же тигиндей «көрүндү», «көрүнүшү» мындай же тигиндей экен, «окшош», «сымал» деген сөздөрдү көп колдонгон. Бирок жогорудагы аяттарда ал ушу сыяктуу сөздөрдү көбүрөөк колдонгон. Көргөн нерселери ушунчалык таасирдүү болгондуктан Жезекиел аларды сүрөттөгөнгө сөз таппай кыйналган сыяктанат. Ал «сапфир ташындай көрүнгөн такты сымал бир нерсени» көргөн. Өңү кочкул көк абдан чоң бир бүтүн сапфир ташынан оюлуп жасалган тактыны элестетип көрсөңөр. Анан ошол тактыда Бирөө отурган. Анын көрүнүшү «адамга окшош» болгон.

24, 25. а) Жахабанын тактысынын айланасындагы асан-үсөн эмнелерди эсибизге салып турат? б) Ушул сыяктуу аяндар ишенимдүү пайгамбарларга кээде кандай таасир эткен?

24 Ошол сырдуу элес бүдөмүк эле көрүнгөн, анткени Жахабанын белинен өйдө жана белинен ылдый жагынан даңкынын нуру чачырап турган. Пайгамбардын даңкка бөлөнгөн элести көрүш үчүн колун чекесине коюп алып көзүн калкалап, үңүлө карап турганын элестетсек болот. Анан Жезекиел баарынан ашып түшкөн укмуштуу бир нерсени көргөн. Аны минтип сүрөттөгөн: «Анын бүт айланасы жаркырап туруптур. Айланасындагы жаркырактын көрүнүшү нөшөр төккөн күнү булут арасынан көрүнгөн асан-үсөндөй экен». Асмандан асан-үсөндү көргөндө суктана карап туруп калган учурларыңар болду беле? Ал — Жаратканыбыздын даңкын эсибизге салып турган кандай гана ажайып кооз кубулуш! Асманда жаа сымал ийилген, бейпилдикти чагылдырган түркүн түстүү асан-үсөн Жахабанын Топон суудан кийин адамдар менен түзгөн тынчтык келишимин да эске салат (Башт. 9:11—16). Ырас, канчалык күчтүү болсо да, Кудурети Чексиз Жахаба — тынчтыктын Кудайы (Евр. 13:20). Тынчтык анын жүрөгүндө өкүм сүрөт жана ал аны ага ишенимдүүлүк менен сыйынгандардын баарына берет.

Жахабанын тактысынын айланасындагы асан-үсөн тынчтыктын Кудайына кызмат кыларыбызды эске салат (24-абзацты карагыла)

25 Жезекиелге Жахабанын даңкынын сүрөттөлүшүн көргөнү кандай таасир эткен? Ал: «Мен аны көргөндө жүзтөмөндөп жыгылдым»,— деп жазган. Жан дүйнөсүн Кудайдан коркуу, кастарлоо сезими каптаган Жезекиел тизе бүгүп, жүзтөмөндөп жыгылган. Жахабадан аяндарды алган башка пайгамбарлар да Жезекиелдикиндей сезимди туюшкан. Аян алгандар момундукка чулганып, атүгүл өзүн эч нерсеге татыксыздай сезишсе керек (Ыш. 6:1—5; Дан. 10:8, 9; Аян 1:12—17). Бирок убакыттын өтүшү менен Жахаба ачып берген нерселер ал пайгамбарларга күч-кубат берген. Жезекиелдин да кубаттанып калганы шексиз. Ыйык Китептен ушул сыяктуу билдирүүлөрдү окуу бизге да дем-күч берет.

26. Жезекиелге көргөн аяны кантип дем-шык берген?

26 Эгер Жезекиел Кудайдын Бабылдагы элинин акыбалына кабатырланып, ар кандай шек саноолорго алдырып жүргөн болсо, анда алган аяны ага бир топ дем-шык берсе керек. Анткени Жахабанын ишенимдүү эли каякта жүрбөсүн — Иерусалимдеби, Бабылдабы же башка жактабы — анын арабасы аларга жетпей калмак эмес! Шайтан бийлеген күч-кубаттуу өкмөттөрдүн кайсынысы ишенимдүү рухтардан турган ушундай даңктуу асман арабасын башкарган Кудайга каршы тура алат? (Окугула: Забур 118:6.) Жезекиел асман арабасынын адамзаттан ыраак жерде эмес экенин да көргөн. Анын дөңгөлөктөрү жерге тийип турган! (Жез. 1:19) Жахаба туткундагы ишенимдүү элинин жыргалчылыгына абдан кызыкдар болгон жана кайсы жерде болушпасын, камкор Атасы катары аларга дайыма кам көрө алмак!

Араба жана силер

27. Жезекиелдин аяны бүгүнкү күндө биз үчүн кандай мааниге ээ?

27 Жезекиелдин аяны бүгүнкү күндө биз үчүн кандайдыр бир мааниге ээби? Албетте. Шайтан учурда таза сыйынууга болуп көрбөгөндөй сокку уруп жатат. Ал бизди жападан жалгыз же четте калып калгандай, бизге асмандагы Атабыз да, анын уюму да жардам бере албай тургандай сездиргиси келет. Мындай калптын акылыңар менен жүрөгүңөрдү уялап алышына эч качан жол бербегиле! (Заб. 139:7—12) Бизде, Жезекиелдей болуп, кастарлоо сезимин туюуга бардык себептер бар. Ага окшоп, жүзтөмөндөп жыгылбасак да, Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгүнүн кубаттуулугуна, ылдамдыгына, багытын чукул өзгөртө алгандыгына, жагдайга тез ылайыкташа билгендигине жана улуу даңкына суктанбай коё албайбыз!

28, 29. Өткөн кылымда Жахабанын арабасынын бир орунда турбаганы эмнеден көрүнүп турат?

28 Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү да бар экенин эсиңерден чыгарбагыла. Анын жеткилең эмес адамдардан турары чын. Бирок Жахабанын жерде эмнелерди ишке ашырганы жөнүндө ой жүгүртүп көрсөңөр! Ал дүйнө жүзү боюнча жөнөкөй эле адамдарга өздөрүнүн күчү менен эч качан кыла албай турган иштерди кылууга түрткү берип келет (Жкн. 14:12). «Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!» деген китепти барактап көрө турган болсок, өткөн кылымда кабар айтуу иши канчалык кулач жайганын билебиз. Ишенимдүү кызматчыларга билим берүүдө, юридикалык маселелерди чечүүдө жана Жахабанын эрки аткарылышы үчүн акыркы технологияны колдонууда анын уюмунун албан ийгиликтерге жеткени жөнүндө да ой калчап көрсөк болот!

29 Азыркы бузулган дүйнөнүн акыркы күндөрүндө таза сыйынууну калыбына келтириш үчүн эмнелер кылынганы жөнүндө ой жүгүрткөндө Жахабанын арабасынын жүрүп баратканы барган сайын болуп көрбөгөндөй айкын болууда. Ушул уюм менен кызматташып, ааламдын Эгедерине кызмат кылып жатканыбыз кандай гана чоң сыймык! (Заб. 84:10)

Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү болуп көрбөгөндөй алга илгерилөөдө (28, 29-абзацтарды карагыла)

30. Кийинки бөлүмдө эмнелерге токтолобуз?

30 Жезекиелдин аянында биз биле турган дагы көп нерселер бар. Кийинки бөлүмдө абдан таасирдүү төрт «тирүү жандыкка», керуптарга, кененирээк токтолобуз. Мындан даңкка бөлөнгөн Эгедерибиз Жахаба Кудай жөнүндө эмнелерди биле алабыз?

^ 5-абз. Бул — түз жол жүргөндөгү аралык. Бирок туткундалган эл басып өтүшү мүмкүн болгон жол мындан эки эседей узак болгон.